Вице-премьер: "Коронавирусту жуктурган медицина кызматкерлерине комиссиянын чечиминен кийин гана 200 миң сом берилет" (видео, хронология)

Бүгүн, 29-апрель күнү өлкөнүн вице-премьер-министри Аида Исмаилова коронавируска байланыштуу социалдык маселелер тууралуу жыйын берүүдө.

2020-04-29 17:02:00

"Польшадан келген адистер Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында иштешти, Ошко да барып да келишти. Алар жалаң жандандыруу бөлүмүндө болушту. Тренингдерди өтүштү. Кыргыз өлкөсүндөгү медицина кызматкерлерине оң баа беришти.

Кытайдан келген медицина кызматкерлери тажрыйбалары менен бөлүштү. Коргоочу кийимдерди кандай колдонууга чейин көзөмөлдөп, кеңештерин берип кетишти. Кытай кызматкерлери да биздин колдонгон ыкмаларды жогору баалашты. Алар чынында, бизден мындай жыйынтыкты күтүшкөн эмес экен", - деп билдирди Исмаилова.

2020-04-29 16:51:00

"Коргонуучу каражаттар медицина кызматкерлеринин категориясына жараша берилет"  дейт вице-премьер-министр.

2020-04-29 16:50:00

"200 миң сом оору жуктурган медицина кызматкерлерине берилип жатабы?" деген суроо узатылды. "Бул боюнча комиссия иштейт. Медицина кызматкерлеринин баары вируска чалдыкпашы мүмкүн. Андыктан комиссиянын чечими менен берилет. Азыркыга чейин төлөнө элек", - дейт Исмаилова.

2020-04-29 16:47:00

"Акы төлөнбөгөн өргүүгө чыккан медицина кызматерлеринин үй-бүлөсүнө кандай жардам көрсөтүлүүдө?"

"Кош бойлуу, улгайган кызматкерлер, ооруга байланыштуу иштей албаган медицина кызматкерлерине тиешелүү айлык маяналары толук төлөнөт. КТУ менен индикатор боюнча комиссия иштейт", - деп билдирди Исмаилова.

2020-04-29 16:43:00

Жардам толук дарегине жетпей жатат деген маалыматтар боюнча, Исмаилова ыктыярчылар менен жолугушканын жана алар өз иштерин жакшы аткарып жатканын айтты.

"Учурда 4 миң 609 үй-бүлө жардамга муктаж. Анын 3 миңден ашууну гуманитардык жардамды алды. Дагы деле жардам берүү улантылууда. Келген жардамдар, жардам алгандар тууралуу маалымат атайын сайтта көрсөтүлүп, жаңыланып турат", - деп билдирди вице-премьер. 

2020-04-29 16:40:00

"Кыргыз-Түрк ооруканасы эмнеге бош турат?"

"Биз ал жакка барып көрүп келдик. Бардык шарты жакшы. Керек учурда ал жак да обсервация катары ишке киргизилет", - деди Исмаилова.

2020-04-29 16:37:00

- Гуманитардык жардам катары берилип жаткан коргоочу формалар кантип бөлүнүп жатат? 

- Гуманитардык жардам азыркы күнгө чейин келип жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин атына жөнөтүлүп жаткан коргоочу формалар кайдан келип, кайсы райондорго бөлүнүп жатканы тууралуу сайтта так маалымат берилип турат.

2020-04-29 16:34:00

"Чет өлкөдөн чартердик каттам менен алып келинген жарандардын арасында өнөкөт оорусу, онкологиялык оорулар бар беле?" деген суроо боюнча вице-премьер-министр "Ооба, Түркиядан келген 5 жаран онкологиялык оору менен жабыркашкан. Алардын коронавируска тапшырган тести таза болуп чыгып, республикалык штаб менен макулдашып, өздөрүнүн суранычы менен үй карантинине чыгарылган" деп жооп берди.

2020-04-29 16:32:00

"ЖРТ боюнча маселе каралууда. Тестирлөөнү аралыктан өткөрүүгө мүмкүн эмес. Учурда 80 пайыз бүтүрүүчү катталды. Карантин бүткөндөн кийин тестирлөө өткөрүлөт. Ал маселе чечилгенде тиешелүү министрликтен маалымат берилет", - деди ал. 

2020-04-29 16:29:00

"6 миң 36 медицина кызматкери учурда коронавирустун очогунда иштеп жатышат. Март айындагы айлыктар толук берилди. Ар биринин эсебине категориясына жараша айлыгы которулуп бүттү", - деди Исмаилова.

2020-04-29 16:28:00

Вице-премьер министр: "Жалпы онкологиялык оорулардын дары-дармегине 160 миллион сом бөлүндү. Анын жалпы онкология менен ооругандарга 100 миллион, 60 миллион сом балдар онкологиясына бөлүндү. Ошол каражаттан Оштогу онкологиялык оорулардын дарыларына бөлүштүрүлөт".

2020-04-29 16:23:00

"Тез жардам" кызматында иштеген медицина кызматкерлери март айында ар кандай айлык алып калдык деп айтып жатышыптыр. Мисалы, бирөө кошумча айлык катары 100 сом алса, экинчиси 1000 сом алган учур катталууда. Бул боюнча маалымат бере кетсем, "Тез жардам" кызматында иштеген дарыгерлерге - 600 сом, орто медицина кызматкерлерине - 500 сом жана кенже кызматкерлерине - 400 сом кошумча айлык каралган. Булардын төлөмдөрү бир коронавирус менен ооруган бейтапты ташыганына жараша эсептелинет", - деди вице-премьер-министр.

2020-04-29 16:21:00

"Ар бир медицина кызматкеринин айлыгы иштеген күндөрүнө карата эсептелинет. Очоктогулар, тагыраагы, казарма режиминде ооруканада жатып иштеген дарыгерлерге бир күндө 2300 сом кошумча айлык берилет. Ал эми орто медицина кызматкерлери - 2000 сом, кенже кызматкерлер - 1800 сом алышат. График менен иштегендердики бир сааты 100 сом деп эсептелинет. Орто медицина персоналдары - 90 сом, кенже медицина персоналы - 80 сом иштеген саатына алышат. Ак халатчандардын ар кимисинин айлыгы ар кандай болуп жаткандыгынын себеби ушунда", - деп билдирди Исмаилова

2020-04-29 16:12:00

"Медицина кызматкерлерине апрель айына 229 миллион сом каражат каралды. Очокто иштеп жаткан медицина кызматкерлерине айлыгы менен кошо кошумча каражат берилет", - деди вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан