Парламент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу боюнча токтомду кабыл алды

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө токтом кабыл алынды.

28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков "Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.

Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан