Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды. Өлкө башчы бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугун коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырганын президенттик аппараттан билдиришти.
Президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Ошол эле учурда бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолуучу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.