Баткендеги чек ара чырында жаракат алгандар жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөөнүн республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов катышууда.
Анда Ализа Солтонбекова эмдөө боюнча төмөнкү маалыматтарды билдирди.
"Эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 1362 адам Синофарм вакцинасынын экинчи дозасын дагы алышты. Алгачкылардан болуп аталган вакцина менен саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана орун басарлары алган. Аларды экинчи жолу текшергенде антителолор пайда болгону аныкталды. Ошондуктан бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз", - деди Солтонбекова.
Белгилей кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору аркылуу кытайлык өндүрүүчү "Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd" компаниясынын инактивацияланган Синофарм вакцинасы 150 миң дозада алынган.