Бүгүн, 15-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Жыйында Орозалиев Бишкек шаары боюнча 39 миң 225 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылганын айтты.
"Чыдамкайлык адамдын эң негизги мүнөзүнүн бири болуп саналат. Биз бул вирус менен үч аптадан бери күрөшүп келе жатабыз. Бишкек шаары боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоо боюнча төрт этап менен түзүлгөн системге жараша жалпысынан 39 миң 225 үй-бүлөгө жардам берилди.
Баарыңыздар өзгөчө абалдын талаптарын аткарып үйдө отурсаңыздар, ийгиликке бирге жетишебиз", - деп билдирди Орозалиев.