"Жалал-Абад, Ош жергесине Бишкектен кеткен дарыгерлердин үйлөрүнө кайтуусу каралган эмеспи? Алар өз чөнтөгүнөн төлөп, үйлөрүнө кайтып жатышканын айтып кайрылышты. Түштүк жергесине иш сапарына кеткен медицина кызматкерлеринин бир айлык мөөнөтү бүттү, канча дарыгер азыр үйлөрүнө келди?", - деген суроо Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Айнура Акматова менен Кубанычбек Калмаматовго берилди.
"Дарыгерлер түштүк аймакка жардам көрсөтүү үчүн кетишкен. Биз бул маалыматты дагы тактап көрөлү, себеби аларга сөзсүз транспорт уюштурулуп берилиши керек. Алар иш сапарынан кийин обсервацияга алынып, ал жерден чыккандан кийин дагы үйүнө жеткирүү да каралган", - деди Калмаматов.
Анын сөзүн Айнура Акматова толуктап, муну өзгөчө абал киргизилген облустардан бир жактан экинчи жакка кирүү кыйын болуп жатканы менен байланыштырды.
"Ооба, биз бул маселени келген дарыгерлер менен талкуулайбыз. Ал жакта иш сапары кандай өткөнү тууралуу сурап, маалыматтарды беребиз. Келе албай жатканы боюнча айтсам, автоунаалардын ал жактан келиши чектелүү болуп жатат. Мындан тышкары түштүк аймакка кеткендер баары чогуу эмес, 1-2-3төн болуп келе тургандай болууда. Мен өзүм да түштүккө барып иштеп келдим, гуманитардык жүк ташуучу унаа менен кеткем. Эгер алар өз чөнтөктөрүнөн акча сарптап келип жатышса, биз сөзсүз кеткен чыгымдарын төлөп беребиз. Биз бул маалыматты тактайбыз", - деди Акматова.
Кечээ, 29-апрелде SUPER.KG порталына түштүк жергесинен Бишкекке кайтып келген дарыгерлердин бири кайрылып, такси менен кайтууга аргасыз болгонун, министрлик тарабынан транспорт каралбаганына нааразы болгон.