Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 148 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 79 адам каза болсо, 2 миң 895 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 860 (айыккандар 892);
Санкт-Петербург шаарында - 214 (айыккандар 108);
Москва облусунда - 188 (айыккандар 176);
Ростов облусунда - 178 (айыккандар 73) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 100 миң 339 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 418 адам каза болсо, 909 миң 357 бейтап айыгып чыкты.
Орусияда акыркы күндөрү коронавирустан айыккандарга караганда жуктуруп алгандар көбөйүүдө.