Түркия эпидемиянын туу чокусунан өттү

Түркия коронавирус пандемиясынын туу чокусунан өттү. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

"Түркияда вирустан каза болгондордун көрсөткүчү Европа боюнча эң аз. Пандемиянын туу чокусунан өттүк, бирок көрсөткүчтөр дагы түшүшү керек. Эгерде чектөөлөр сакталса, май айынын аягына чейин оору менен катталгандардын саны өспөйт", - деп билдирген министр.

Түркияда коронавирус алгач 10-март күнү катталган. Азыркы тапта ооругандардын саны 117 миң 500гө жеткен, алардын ичинен 3 миң 81 адам көз жумду.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-04-30 15:34:03
Каяктагы бир чокуну ойлоп табышты эми,ошол чокуга жеткичен эл оорубай бир бирин чокусун жей турган болду!ачкадан нервден.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан