Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Жарандар бет капты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү"

Жарандар бет капты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, бет кап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ошондой эле 80 пайыз адамга вирустун жугуу булагы болуп, вирус жуктургандардын 10-20 пайызы эсептелет. Андыктан ооруган адам дагы, дени сак адам дагы бет кап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Жарандар бет капты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү", - деди Нурболот Усенбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-10-20 11:57:39
Аба таза болсо эмнеге тагынат!
0
JaneEr
2020-10-20 12:32:44
Belek1710,ооруган адам таза абаны булгайт вирус менен!
0
Jacob.
2020-10-20 13:04:26
JaneEr, орусаң жат да үйүңдө, абаны булгабай...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан