Таксисттерге жана жүргүнчүлөргө милдеттүү болгон санитардык талаптар айтылды

Эртеңден, тагыраагы 1-майдан тарта такси кызматы ишин жандантат. Кызмат көрсөтүүчүлөргө жана жүргүнчүлөргө милдеттүү болгон санитардык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Санитардык талаптар:

- Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн такси кызматынын айдоочуларында патент, унаага өткөрмө кагазы болушу керек. Унааны күнүнө 3 жолудан кем эмес дезинфекциялап, бир буюртманы аткарууда салондо 2 жүргүнчүнү гана алып жүрүүгө тийиш.

- Ал эми жүргүнчүлөрдүн жанында сөзсүз түрдө аты-жөнүн күбөлөндүргөн документи, маршруттук баракчасы болушу керек. Ошондой эле байланыш адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн, унаанын номерин, маркасын, унаада жүргөн күнүн жана отурган убактысын жазып алуулары зарыл.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gitaris93
2020-04-30 16:00:04
Бишкектен жалалабатка чыккан такси 2 жолкиресин көтөргөнү оор болуп калат го
+1
Chungyz
2020-04-30 16:37:36
Откормо кагазды ким берет ошону тактап койсонор болот
+1
uli0404
2020-04-30 17:28:49
Өкмөт оюңа келгенди жасай бербечи,эл араң эле турат азыр.кантип болсун ушундай.
0
NURSAPAR
2020-04-30 18:49:29
Сактыкка кордук жок. Туура эле кабыл алгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан