Кечээ, 30-май күнү Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө гуманитардык жүктү берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жаңы дайындалган Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
"Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорит, 2500 даана респиратор, 5000 даанадан медициналык кол кап жана бет кап, 2500 даана коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол транспорту менен жеткирилди.
Кыргыз тарап бир тууган элдин коронавирус менен күрөшүүдө өз убагында көрсөткөн жардамын жана колдоосун жогору баалоо менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирет", - деп жазылат маалыматта.