Нью-Йорк штатында өлгөн адамдарды көмүү кызматынын кеңсесинин жанындагы оор жүк ташуучу унаалардан 10догон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу "The New York Times" гезити жазып чыкты.
Каза болгондордун арасында коронавирус инфекциясынан канчоо каза болгону тууралуу маалымат айтылган эмес. Бирок учурда Нью-Йоркто вирустан каза болгон адамдар көп болгонуна байланыштуу аталган атайын компанияларга чоң күч келип жаткандыгы маалымдалган.
Акыркы маалыматка ылайык, АКШда миллиондон ашуун адам коронавирус жуктуруп, 60 миңден ашуун бейтап көз жумган. Каза болгондордун 18 миңден ашууну Нью-Йорк штатында катталган.