Бүгүн, 22-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө Новосибирсктен Бишкекти көздөй "Толмачево" аэропортунан Кыргыз жарандары мекенине учуп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Новосибирск-Бишкек каттамы үчүн жарандар авиабилеттерди сатып алышкан.
"Бүгүн, 22-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө Новосибирск шаарынын "Толмачево" аэропортунан Новосибирск-Бишкек авиакаттамы менен "Сибирь авиажолдору" авиакомпаниясынын 176 орундуктуу учагы менен мурун билет алган Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кетишти. Каттамга биринчи кезекте балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар отургузулду", - деп билдирди мекеме өкүлү.
"Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнө кетүүнү каалагандар жана колунда "Сибирь авиажолдорунун" билеттери барлардын баары отура албай калгандыгын белгилейбиз. Жалпысынан бул каттамды 300дөн ашуун Кыргыз жараны күтүп жатышкан. Элчилик көп орундуу, эң болбосо 300 орундуу учак бөлүп берүү тууралуу бир нече жолу кайрылгандыгын жана "Сибирь авиажолдору" авиакомпаниясы азыркы кезде андай чоң көлөмдөгү авиалайнер жоктугун билдиришкендигин да маалымдайбыз", - деп кошумчалады ал.
Ал эми учпай калган жарандарга байланыштуу элчилик төмөнкүдөй маалымат таратты.
Татаал эпидемиологиялык кырдаалдын уланып жатышына, ошондой эле Орусияда жана Кыргыз өлкөсүндө техникалык мүмкүнчүлүктөр жол бербей жаткандыгына байланыштуу учпай калган башка жарандарды эмоцияга, чагымчыл маалыматтарга алдырбай, сабырдуу болууга чакырат. Пландалган авиакаттам менен учпай калган Кыргыз жарандарына консулдук жана аймактагы кыргыз диаспоралык уюмдары тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөт.
Элчилик Орусиянын өкмөтү жана орусиялык авиакомпаниялар менен Москва жана Новосибирск шаарында авиакаттамдарды күтүп жаткан Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантып жаткандыгын маалымдайбыз. Ошондой эле бүгүнкү күнү Кыргыз өкмөтү жарандарын мекенине алып келүү боюнча мүмкүн болгон бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын белгилейбиз.
Ал эми кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);
+7 (925) 387 45 97 – мобилдик(вотсап);
Элчилик Кыргыз жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Орусияда киргизилген тартип эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат.