Бир сутка ичинде 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Алардын ичинен:
• Бишкек шаары – 2;
• Нарын облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлердин саны – 198.