Жаңы эрежелер! Эми Бишкекте коомдук унаалар эртең менен жана кечинде гана каттайт. Жаңы түзүлгөн иш тартибинин тизмеси

Бишкек шаарынын аймагындагы мекеме, ишканалардын иштөө тартиби жана коомдук транспорттордун каттамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан бүгүн, 1-июлда кабарлашты.

Бекитилген жаңы иш тартибине ылайык:

Жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор (троллейбустар, автобустар, маршруттук таксилер) иш күндөрү эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттайт. Ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттор каттамга чыкпайт;

Кафелер, ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштейт;

Супермаркеттер, соода борборлору саат 07:00дөн 19:00гө чейин иштөө тартибине өтүшү керек;

Борбор калаанын аймагындагы бардык базарлар күн сайын саат 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Ал эми төмөнкү ишмердүүлүктөргө иштөөгө тыюу салынат:

- велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары ошондой эле тейлөөнүн түрлөрү;

- тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК “Северэлектро” жана “Бишкекводоканалга” кабыл алынган нормаларга ылайык, карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат;

- балдар оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары;

- Мэрия сейил бак, гүл бакча, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arman007
2020-07-01 17:18:40
ал эми башка шаарлардачы ? мисалы Токмок Кара-Балта дегендей?
+1
kuttubekuzgen
2020-07-01 17:33:56
Arman007,Бишкекте деп жазылып туратко башка шаарларга тийешеси жок.
+1
Arman007
2020-07-01 23:53:20
kuttubekuzgen, Бишкек экенин билип турам . башка шаарлар эмне болсонор ошо болгула дегениби дегим келген .
+1
Kuban-1207
2020-07-01 17:33:16
Баары бир окшош эле
+1
Alixan-Nookat.2015
2020-07-01 19:24:26
Мындан дагы катуу чараларды колдонуш керек.
+3
fanatka19
2020-07-01 21:18:39
Кунумдук иште иштеп бала чака багып аткандар куурады.
+2
nazarnew
2020-07-02 10:10:58
Фуф наконец то, Ошко тийишпей эле койсун, бизде аз, лучше Бишкек и Ош жолун жаап турсун временно, каптап кетпесин бизди да. Жашап туралы.
+1
Ergeshev.77
2020-07-03 00:54:26
Атка минерлер а силер медиктерге дем алыш кундорго ишке барып келишине таксисине силер толойсунорбу же элдин соолугун ойлоп иштеп аткандарга бекер унаанар барбы ишемби жана жекшемби кунго жок дегенде медиатерге бергиле да такси кызматын дем алыш кундорун акчасын толоп силер кызматтык унаада журуп такси канча алаарын да билбесенер керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан