"Дарылоо 10-14 күн жүргүзүлөт". Бишкекте коронавирустан айыккан бейтаптардын ооруканадан чыккан сүрөттөрү

1-майга карата өлкө боюнча дагы 42 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен 8 жаран Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан чыгарылды.

Аталган оорукананын ифекционист дарыгери Наристе Нурланбек кызы бейтаптардын дарылануусу кандай болгонун айтып берди дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

“Дарылоо курсу индивидуалдуу, тагыраагы, ар бир бейтаптын абалынын оордугуна жараша 10 күндөн 14 күнгө чейин жүргүзүлөт. Жеңил түрү менен ооругандар суюктукту көбүрөөк ичип, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Ал эми орточо оор абалдагы бейтаптарга пневмония диагнозу коюлуп, ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт. Ооруканадан чыгарылгандан кийин үй карантинге алынып, 14 күн ичинде жашаган жериндеги аймактык дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат”, - деди ал.

Республика боюнча 1-майга карата коронавирустан айыккандардын саны 504кө өстү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uli0404
2020-05-01 23:28:39
Актёрлор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан