Кытайдын Ухан шаарында алгачкылардан болуп коронавирус тууралуу маалымат тараткан дарыгер каза боду. Бул тууралуу кытайлык ЖМКлар билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, илдетке чалдыккан дарыгер Ли Вэньлян 7-февралга караган түнү каза болду. Ал Уханда пайда болгон коронавирустун кооптуу экендигин жана бул вирус жарандарда каттала баштагандыгын алгачкылардан болуп айтып чыккан 8 дарыгердин бири. Дарыгер 2019-жылдын 30-декабрында социалдык тармактарга аталган вирустун кооптуулугу тууралуу жазып чыккан. Бирок полиция кызматы ага жалган маалымат таратууда деген жүйө менен эскертүү берген болчу.
Ли Вэньляндын коронавирусту жугузуп алгандыгы 10-январда белгилүү болгон.