Жакынкы күндөрү миңге чукул Кыргыз жараны өлкөгө алып келинет. Мындай маалыматты бүгүн, 12-майда өткөн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Министрдин айтымында, акыркы 12 күн аралыгында 995 жаранды алып келүү планы иштелип чыкты. "Бул тизме республикалык штабга сунушталат. Мекенге Кореядан, Япониядан, Катардан, Кувейттен, Ирандан, Франкфурт-на-Майнеден, Стамбулдан, Москвадан жарандар алып келинет. Аталган өлкөлөрдөгү, шаарлардагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги, консулдук кызматтары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Биз бардык кайрылууларды көз жаздымда калтырбаганга аракет кылуудабыз.
Элчиликтерге өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттар максаттуу пайдаланылат, башкача айтканда, жарандарды хостелдерге жайгаштырып, тамак-аш менен камсыз кылууга жумшалат", - деди министр.