Италиялык "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу аргентиналык Пауло Дибала коронавирус оорусун жуктуруп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Пауло өзүн жакшы сезип жатат. Дүйшөмбү күнү "Ювентус" клубу бардык оюнчуларын текшерүүдөн өткөрөт" деп билдирген ESPN сайтынын спорт журналисти Андрес Агулья.
Буга чейин аталган клубдун оюнчусу Даниеле Ругани коронавирус жуктуруп алгандыгы кабарланган.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун 128 миң 343 адам жуктуруп алган болсо, 4 миң 720 киши бул оорудан каза болгон.