10-майга карата өлкөдөгү стационарларда 260 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 4 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 1 миң 205 адам обсервацияда жатат.
Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 407 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 199 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы алтоо (Бишкекте 5, Чүйдө 1) каза болду. Калган 202 жаран дарыланып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 291. Анын 141и облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 117 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 21 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 3, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 13, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.
Ош шаарында 150. Анын 141 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 6 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 4, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 2).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 144. Бүгүнкү күндө анын 111и айыгып, 33 бейтап стационарларда калууда. (Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 4, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 4, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 25).
Нарында жалпы 127. Анын ичинен 89 жаран сакайып, 38 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 25, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 4, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 9).
Баткен облусунда жалпы 23. Анын 8 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 15 жаран стационарларда калууда (Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 6, Лейлек районундагы аймактык ооруканасында 6, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 3).
Ысык-Көлдө жалпы 10. 6-майда ооругандардын бардыгы айыгып, медициналык жайдан чыгарылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.