Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Беларусь коронавирусту Европага жайылткан алдыңкы өлкөнүн бири деп билдирди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Беларусту Европада коронавирусту жайылтып жаткан алдыңкы өлкөлөрдүн бири деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Беларустагы коронавирус инфекциясынын жайылышы Европа чөлкөмүндөгү чоң көрсөткүчтөрдүн бири деп билдирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Беларустагы өкүлү Батыр Бердыклычев. Анын айтымында, өлкөдө инфекциясынын жайылышынын негизги себеби физикалык дистанциянын сакталбаганында. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Беларусь өлкөсүнө массалык иш-чараларды токтотууну, экинчи катардагы мекеме, ишканаларды токтотуп, дистанциялык окууну киргизүү керектигин, иш ордунда санитардык талаптарды киргизүүнү сунуштоодо.

1-майга карата Беларуста 14 миң 917 адам коронавирус жуктурганы маалым болгон. Андан 2 миң 918 адам айыгып, 93 жаран каза болгон. Ага карабай өлкөдө олуттуу чектөө киргизилген эмес жана дүкөн, мектеп, университеттер өз калыбында иштөөдө. Ал гана эмес футболдук чемпиондук өтүүдө, 9-майда болчу аскер парадына даярдык күч.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgaz
2020-05-01 22:57:29
Лукашенко акага гап жок
+9
bond02
2020-05-01 23:14:40
Дуйнолук саламаттыкты сактоо уюму ишенгиси келбеген мамлекеттерди зордоп ишендируудо.
+12
bekbolotabdirasulov
2020-05-02 07:40:20
politika
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан