Ош шаарында апрель айынын салыгы 63 пайызга аз чогулду

Ош шаарында апрель айында салыктын аткарылышы 37 пайызды түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри, Жарандык коргонуу штабынын башчысы Саибжан Турдуев онлайн жыйын учурунда билдирди.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, карантинге жана өзгөчө абалга байланыштуу биздин салык төлөөчү ишкерлердин бардыгы ишин токтоткондугуна байланыштуу, Ош шаарында жергиликтүү казынага салыктын келип түшүүсү кескин төмөндөп кетти. Апрель айын эле алсак, салыктын аткарылышы 37 эле пайызды түздү. Тактап айтканда, апрель айына бизге 102 миллион 200 миң сом план жеткирилген болсо, анын аткарылышы 37 миллион 700 миң сомду түздү", - деп билдирди Турдуев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан