Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда узартылат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат", - деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында.
Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.
Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.
Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
"Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек", - деди мамлекет башчысы.
Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэринин катышуусу менен өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана республикада социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чараларды карап жатат.
Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге дейре узартылган.
Өзгөчө абал режими тез чараларды кабыл алмайынча токтотуу мүмкүн болбой калган оор кырдаалда гана киргизилет. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын чамасы жетпей баратканда ыкчам башкарууну Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колго алат.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.