Коронавирус илдети башталгандан бери өлкөгө 20 миңден ашуун Кыргыз жараны кайтып келди

COVID-19 илдети чыккан учурдан баштап чет өлкөлөрдөн 20 миңден ашуун Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу бүгүнкү онлайн жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

"Чет өлкөлөрдөн коронавирус инфекциясы чыккан учурдан баштап авиациялык жана жер үстүндөгү транспорт менен 20 миң 638 Кыргыз жараны кайтып келди. Жарандарыбызды кайтарып алуу жана мамлекеттерден ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча иштер президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул процесске тартылган бардык элчиликтер, башкы консулдук жана консулдук мекемелери дээрлик күнү-түнү иш алып барышууда", - деп билдирди тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев.

Анын айтымында, эң чоң жардамдар диаспоралардын, бириккен мекендештердин жана жөнөкөй жарандардын колдоолору менен көрсөтүлүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан