Сутка ичинде өлкө боюнча 142 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузду

Сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 142 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаары - 121 адам;

Ош шаары - 15 адам;

Жалал-Абад шаары - 5 адам;

Ат-Башы району- 1 адам.

Ошондой эле 4 автоунаа айып аянтчасына токтотулду. Кармалган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын убактысы бүткөндө үйүнө жиберилди.

25-марттан тартып өлкө боюнча жалпы 4 миң 55 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузуп кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан