Баракелде! Индияда медицина кызматкерлеринин урматына тик учактан роза гүлү чачылды

Индиянын борбору Делиде каза болгон полиция кызматкерлеринин жана коронавирустун очогунда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин урматына тик учактан роза гүлүнүн желекчелери чачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылап жаткан Дели шаарындагы 12 оорукананын кызматкерлеринин урматына шаар үстүнөн 3 Lockheed C-130 учагы, 3 Су-30МКИ, МиГ-29 жана Jaguar истребителдери учуп өткөн. Акцияга кийинчерээк аскер-деңиз флоту кошулган. Кечинде 5 кораблден иллюминация (кооздуктар) чачырап, кызматкерлер сигналдык ракеталарды учуруп, сирена жаңырмакчы. Ошондой эле жаман вирусту жеңип жаткандарга арналган "аскерлерге" деген жазуу менен плакаттар коюлары айтылууда.

Буга чейин Индиянын Мумбаи шаарында 3 офицер коронавирустан каза болгону маалымдалган.

Индияда медицина кызматкерлеринин урматына асмандан роза гүлүн чачышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2020-05-03 17:25:17
Обу жоктук да не кереги бар.
+6
Kairat1996
2020-05-03 17:56:52
Эн сонун
0
Agayu
2020-05-03 19:10:52
Өзү кир мамлекет , дагы кир кылып не кылат деймда. Бириси да кой таза болойлу деген киши жок , ошончо миллиярддаган адамдын ичинен.
+4
Aikaaaa
2020-05-03 19:11:18
Лепестокторун го, ушул керек беле? Канча акча кетти болду экен
+2
Blueaffair
2020-05-04 17:07:53
Озу булар ошондойго чача мача
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан