Соңку суткада өлкө боюнча 1108 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары - 323;
Ош шаары – 124;
Чүй облусу – 122;
Ош облусу - 93;
Талас облусу - 70;
Нарын облусу – 54;
Ысык-Көл облусу – 154;
Жалал-Абад облусу – 107;
Баткен облусу - 61.
Өлкө боюнча COVID-19 жана пневмониядан жалпы 28 миң 251 адам жабыркаган.
Бүгүнкү күндө 12 миң 563 бейтап ооруканаларда жатат. Алардын ичинен 6 миң 325 бейтап пневмония, 6 миң 238 оорулуу коронавирус инфекциясынан дарыланууда.