Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алган 3 Кыргыз жараны кошулуп Сауд Арабиядан жалпы 144 адам учуп келгени аныкталды.
Алардын 142си анализ тапшырып, анын жыйынтыгы COVID-19 жок экенин көрсөттү.
Рейсте чогуу келген 2 адам Өзбекстан Республикасына чыгып кетишкен, алардын жайгашкан жерлери аныкталууда.