Жалал-Абадда бир суткада 5 кылмыш иши катталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өзгөчө абал алынган соң, күч түзүмдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагын көзөмөлгө алууну күчөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынын аймагынан 5 жаран кармалып, ШИИБге жеткирилди. Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта бир сутка ичинде 5 кылмыш фактысы катталды. Алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар эмес.

Азыркы учурда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер күнү-түнү тынымсыз кызмат өтөшүп, блокпосттордо шаар аймагына кирип-чыгуулар тыкыр текшерилип жатат. Атуулдардын көчөдө негизсиз жүрүүлөрүн болтурбоо үчүн кайгуул багыттары түзүлүп, дислокациянын негизинде жумуштар алып барылууда. Жарандарга азыркы кырдаал туура багытта түшүндүрүлүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого жана зарыл жумуштар болбосо үйдө отуруу керектиги эскертилүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан