Коронавируска байланыштуу Шри-Ланкада 3000ге чукул соттолуучу абактан бошотулду

Шри-Ланка бийлиги коронавирус эпидемиясынын жайылуусуна бөгөт коюу максатында 2961 соттолуучуну абактан чыгарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Күрөөгө (залог) бошотулган кылмышкерлердин басымдуу бөлүгү жеңил кылмыш менен жазага тартылгандар жана жаза мөөнөтү аягына чыгайын деп калган адамдар.
Маалыматка ылайык, учурда аралда 10 миң кишиге ылайыкташкан түрмөлөрдө 26 миң соттолуучу кармалат.
Белгилей кетсек, Шри-Ланканын полициясы апрель айынын башында коменданттык сатты бузган 10 миң 39 адамды камакка алып, аларды күрөөгө чыгарылбайт деп эскертишкен.
Учурда Шри-Ланкада 167 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, анын 5и каза болгон.
Буга чейин коронавирус эпидемиясынын жайылуусунун алдын алуу максатында Иранда 70 миң кылмышкер эркиндикке чыгарылганы маалым.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан