Тажикстанда коронавирустан эки адам каза тапты. "Бул өлкөдө вирустан улам көз жумган биринчи учурлар" деп жазышат тажик басылмалары.
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдарды COVID-19 инфекциясынан улам каза тапканын расмий ырасташты. Учурда ал жакта коронавирус менен 76 адам жабыркап жатканы маалымдалды.
Дагы 2 миң 782 адам медициналык байкоодо жатса, 217 бейтап текшерүүдөн кийин ооруканадан чыккан.
30-апрелде Тажистанда коронавирус инфекциясы расмий түрдө аныкталган. Анда бул илдет менен 15 жаран жабыркап
жатканы айтылган.