3-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 125 адамга жетти. Мындан улам түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун негиздөөчүсү, жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдраманов дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемия, өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу SUPER.KG порталына маек курду. Ал бул жагдайга адис катары кайдыгер карап тура албасын жана тиешелүү адистер дагы үн кошушун талап кылып, айрым кейиткен жагдайларга токтолду.
"ЭЛДИ КАМАП КОЙСОК КОРОНАВИРУС ЖОГОЛУП КЕТЕТ ДЕГЕН ЖОМОК"
- Коронавирус боюнча ордубузда эле турабыз. Элди карантинде кармаганыбызга 10 күндөн ашты. Элди камап, көчөгө чыгарбай аракет кылып жатабыз, башка алгылыктуу иш деле боло элек. Ооругандар келип жатат, бирок атайылап барып, издеп, камалган райондорду, айылдарды текшерип, иликтеп чыккан жокпуз. Карантин кылып элди көчөгө чыгарбай койсок, эпидемия ошол боюнча токтоп калат деген туура эмес пикир. Элдин менталитетине, жашоо-шартына, медицинанын абалына караш керек. Айрымдардын жашаган жери тоолуу, айрымдарыныкы болсо түз аймак, дагы бир райондордо эл жыш, ал эми башка жерде сейрек. Айтор, баарына караш керек, жөн эле камап, кадамды чектеп койсок, коронавирус өлүп, жоголуп кетет деген бул жомок. Тилекке каршы, ушул нерсени адистерибиз, жетекчилерибиз капарга алып, маани бербей жатышат.
Албетте, мен эпидемиолог эмесмин, бирок дарыгер, саламаттыкты сактоо тармагынын адиси катары абалга кайдыгер карай албайм. Ойлонуп көрөлү да, азыркы жүрүп жаткан өзгөчө кырдаал, айтылгандай эле өзгөчө болуш керек болчу. Бул согуш абалы же башка абалдан айырмаланган өзгөчө кырдаал – пандемия болуп жатат. Ошондуктан олуттуу мамиле жасап, талапка ылайык, максаттуу иштеш керек.
Коронавирусту токтотуу үчүн карантин жарыялап, айылдарды, райондорду жаап олтурабыз. Ооба, бул биринчи чоң жана эң маанилүү кадам. Бирок андан кийинки кадам, анын ичиндеги элди жапырт текшерип, оорулууларын таап чыгуу маанилүү. Урушта туруш жок. Жеңишке жетишкиң келсе, чабуулга өт дейт. Мисалы, 500 киши менен 3 миң киши жашаган ар кандай элдин массасы топтолгон айылдар бар. Аларды ичинен тестирлөөдөн өткөрүп, изилдеп чыгуу керек. Жарандарды топтоп отура бербестен. Алардын ооруп жатканын же дени сак экенин аныктаган күндө деле баары бир бир-экөө калып калышы мүмкүн. Бирок ушундай жол менен гана биз изоляция карантиндин максатына жеткен болобуз. Антпесек биз жалпы өлкөнү же облусту, балким, бир айылды 1-2 айлап карантин кылып, кармап олтура албайбыз да. Биз ал зоналарды батыраак тазалап, бошотуп, тазаланган жерин тазаланды деп, элге талаа иштерине, башка иштерге ошол зонанын ичинде көчөгө чыкканга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек.
"ЖАЛПЫ ЭЛДЕН ТОЛУК ТҮРДӨ ТЕСТ АЛЫШ КЕРЕК"
- Карантинге алынган зоналарды диагностикадан өткөрүп, жалпы элди толук түрдө текшерүүдөн өткөрүү муктаждыгы болуп турат. Башка таза аймактарга тийгендин кереги жок. Карантин болуп жабылган, инфекция табылган айылдарда, райондордо жалпы элден тест алыш керек. Албетте, тест алуу - бул машакаттуу, акчаны көп талап кылган иш экенин билебиз. Бирок адамдардын ден соолугу, мамлекеттин келечеги үчүн пандемияны токтотуу үчүн ушул нерсени жасашыбыз керек. Бул биринчи кадам.
Мен эми жалпы медицинанын акыбалы, бейтаптар кандай акыбалда жашап жатат, менин кесиптештерим кандай абалда, кантип иштеп жатат ал жөнүндө айтпай эле коёюн. Келечекте бейтаптар көбөйүп кетсе, кандай болот ал жөнүндө деле айтпай эле коёюн. Булар өзүнчө чоң жана өтө кейиштүү тема. Убакыт өткөндө өзүңөр көрүп, угуп, билип анан айтасыңар. Мен үчүн, кесиптештерим үчүн бул темалар өтө оор. Он жылдап какшап айтып келе жатам, медицинаны модернизациялоо керек деп. Аны уккан жетекчи жок. Жашоо бул саясат болуп калды. Мына үзүрүн эми көрүп жатабыз. Мейли, болоору болду, боёосу канды. Азыркы максат башка - коронавирус менен күрөшүү.
"МИНИСТР АЛМАШСА ЭЛЕ КОРОНАВИРУС КАЧЫП КЕТПЕЙТ"
- Министр алмашкандан бир нерсе өзгөрүп, коронавирус качып кетпейт. Негизи бул жерде министрди алмаштыруу максат эмес болчу. Азыр отуруп алышып комитетте, Жогорку Кеңеште талкуу болуп жатат. Албетте, ал талкууну түшүнөбүз жана эл оозунда Космосбек Сариевич көп кемчиликтерди кетиргени да айтылууда. Ага күбө кечээ президенттин нааразы болгону. "Ушундай акыбалга алып келгени үчүн жетекчилер жооп бериши керек" деп айтты. Ооба, бирок бул үчүн жалгыз эле Космосбек Сариевич күнөөлүү эмес. Андан башка канча жооптуу адамдар, тармактар, жетекчилер, кызматкерлер, депутаттар, вице-премьерлер бар, башка өкмөт мүчөлөрү бар. Алар баары инфекцияны массалык кылып эмнени, каякты карап олтурушту? Бизге окшогон орто, жогорку жетекчи, илимпоз, адистер олтурат. Абал курчуп бара жаткандын алдын алып айтыш керек болчу да. Эки айдан бери биз үнүбүз чыккан, угулган жерден айтып эле келе жатабыз, жабыш керек, көзөмөлгө алыш керек, сырттан келгендерди 1-категориядагы, 2-категориядагы мамлекеттер деген ал жомок деп.
Инфекция чыккан өлкөлөр менен алаканы токтотуш керек же катаалдаштырыш керек болчу. Пандемия деп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аныктама бергенден кийин дагы эмнени күттүк? Өзгөчө кырдаалды түшүнүшүбүз керек да. Бир адам инфекцияны жуктурган болсо дагы ошол мамлекеттен келген адамдарды биз текшеришибиз керек болчу. Эмне андай болуп кетти десе, 1-2-категориядагы мамлекет болчу деп шылтоо издешет. Анын кандай айырмасы бар инфекция үчүн? Инфекция менен бир адам келсе, элге жуктурса, айласы арзан, таап, камап көзөмөлдөсө болот, макул деп унчукпай койсок болот эле. Бирок бул жерде 300дөн 1 миңге жакын адамдар келип жатат инфекция тараган мамлекеттен. Ошол миң кишинин ичинен жок дегенде бир же 10 кишиден инфекция чыгат деп ойлоп, аларды текшерүүдөн бардык талаптар менен өткөрсө 14 күн кармасак болот эле да. Ошону ойго алыш үчүн илимпоз эпидемиолог болуштун кереги жок. Макул, 10-15 киши келди жуктурган, анан алар дагы үйлөрүнө барып, 100-200 кишинин катышуусунда тойлорду беришти. Жыйынтыгы ушул.
Министр деген ал саясат менен алектенген киши. Мен түшүнөм ал кишинин кетирген кемчилиги көп нерсени көзөмөлдөй албай калды. Ал өзү фармацевт болчу ошон үчүн ал клиникалык кырдаалдарды көзөмөлдөй алган жок. Бирок анын адистери, жардамчылары, атайын кызматтары бар болчу. Ошол чоң тармактарды жетектеген эпидемиолог, паразитолог, вирусолог, деги койчу баары бар эле да. Алар каякты карап жатышты ошондо? Эмнеге алар унчукпай олтурушат? Министр эмне дээр экен деп же эмне болсо ошо болсун дештиби? Же бул президент айткандай саботаж болдубу?
Албетте, жаңы министрден жакшылык күтөбүз. Кызматка келген кишини жакшы тааныйм, мурун министр болуп иштеген. Көп жакшы иштерди жасаган. Анын адистиги эпидемиолог, балким, жакшы иштерди алып барат. Ал тармактардын башкы адистери менен тыгыз, ачык, ыкчам, адилеттүүлүк менен иштесе, аны колдоо менен ишти чогуу алып барышыбыз керек. Мен 8 министр менен иштедим, бул 9-министр. Көпчүлүгүнүн кемчилиги коркоктук, күнкарамалык, өз ою жок жетеленмелик болду. Андай мүнөз менен азыркы медицинаны оңдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан Сабиржан Токтосунович андай кемчиликтерден оолак болуп, тармакты алга тартарына ишенгим келет.