"Бет капты таза абада тагынуунун кажети жок". Министрликтин сунуштамасы

Медициналык бет капты таза абада тагынуунун кажети жок. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бет капты таза абада жүргөндө эмес, эл көп чогулган, жабык мекемелерде кийип жүрүү керек. Коомдо COVID-19 менен симптомдору билинбестен ооруп жаткан адамдар бар, мындан улам бет кап тагынуу зарыл. Андан сырткары бет кап тагынуу менен адам өзүн башка респиратордук вирустардан коргой алат", - дейт ал.

Нурболот Үсөнбаев жарандарга кайрылып, Орозо айт майрам күндөрү үйдө болуп, социалдык аралыкты сактап, эл көп чогулган жерге барбоого чакырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2020-05-24 19:04:12
Базарда бүүт ээктерине тагып алып жүрүшөт адамдар вирус кекиртегиме жукпасын дееп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан