ИИМ: "Кызматкерлерге төлөнө турган кошумча каржылык колдоолор өзгөчө абал аяктаган соң берилет"

Интернет айдыңында, айрым маалымат каражаттарында "өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча каражат төлөнгөн жок, эмне үчүн төлөнбөйт, картасына акча түшкөн жок" деген билдирүүлөр тарап жатат. Ички иштер министрлиги айтылгандар боюнча расмий билдирүү жасап, буларга токтолду.
"Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөнө турган акча каражаты режим алынгандан кийин гана нормативдик мыйзам актыларынын негизинде атайын комиссия тарабынан аныкталып, такталып, Каржы министрлигине сунушталат. Өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти сактоого тартылган ар бир кызматкерге мыйзам чегинде каржылык колдоолор берилет", - деди мекеменин басма сөз өкүлү.
Ички иштер министрлиги эскертет:
Өкмөттүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №639 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжал учурунда милдеттерин аткарган аскер кызматкерлерине кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун негизинде ИИМдин кызмат бөлүмдөрүнүн башчыларынан турган (12 киши) комиссия түзүлүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.
Комиссиянын негизги аткара турган милдети - өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөнө турган акча каражатын акыйкат жана мыйзам чегинде ар бир кызматкердин кылган ишине жараша аныктоо жана баалоо болуп саналат.
Биринчиден, аталган комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжал учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматкерлерине кошумча компенсациялар жөнүндө жобонун шарттарын, ошондой эле башка ушул багыттагы укуктук-нормативдик актылардын талаптарын, шарттарын эске алуу менен чечим кабыл алат.
Экинчиден, өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөндөрдүн толук тизмеси коменданттар тарабынан бекитилет. Аталган комиссия өз ишин ушул жылдын 10-майында аяктап, мыйзам чегинде чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими менен кабыл алынган акыркы бүтүм Каржы министрлигине жиберилет.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-05-03 17:24:38
Ошентип арадан 1 жыл отту
+2
karakyz23
2020-05-03 21:46:54
Бул деген берилбейт деген белги. Ошончо милициянын ишин 12 киши тактагыча.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан