Вирусту дээрлик жеңди. Кытайда 481 адам коронавирус менен алышууда

Кытайда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны болжол менен 9 пайызга азайды. Бул көрсөткүч менен аталган өлкөдө 481 гана адам коронавирус менен ооруп жатат. Бул тууралуу Кытайдын Гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде бул өлкөдө 3 адамдан вирус аныкталып, 53 бейтап айыгып чыккан. Вирус аныкталган адамдар сырттан келгендер. Кытайдын бир гана Хэйлунцзян провинциясында (274 адам) инфекциянын салыштырмалуу жогорку саны сакталууда.

Жалпысынан Кытайда 83 миң 964 адамдан вирус аныкталган. Алардын 93,8 пайызы айыгып чыкты. 4 миң 637 бейтап каза болду. Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч жалпы ооругандардын 5,59 пайызын түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан