Банк өкүлү: "Кичи жана орто ишкерлик үчүн төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен насыя берилет"

Бүгүн, 8-майда "Айыл Банк" коомунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу жарандарга жана ишкерлерге берилип жаткан жеңилдиктер тууралуу маалымат берди.

Жыйында аталган банк антикризистик планга ылайык, төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен насыя бере баштары айтылды.

"Өкмөттүн айыл аймактарын каржылоо боюнча программасынын катышуучусу катары жарандарга 793 миллион сом каражат өлчөмүндөгү насыя бердик. Программанын алкагында, бизден 1 миң 183 кардар жеңилдетилген насыя алышты. Мындан тышкары бир нече кредиттик продукцияларды даярдап жатабыз. Карантин шартында бул продукцияга кирген насыялар кичи жана орто бизнес ээлерине төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен бериле баштайт. Насыя рыноктогу баага салыштырмалуу 5-6 пайызга төмөн болот", - деди Бактыбек Шамкеев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан