Бүгүн, 4-майда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди. Анда комендант 1-майдан тарта ишин баштаган мекемелер санитардык эрежелерди сактабай жатканын айтты.
"Урматтуу шаар тургундары! Экономикалык ишкердүүлүктү жандантуу максатында, 30-апрелде чыккан буйрукта алгач кайсы мекемелер ишин баштаары көрсөтүлгөн. Ошого жараша кээ бир мамлекеттик ишканалар, курулуш мекемелери жана такси кызматтары ишин баштаган. Тилекке каршы алар тараптан санитардык эрежелер сакталбай жатат. Такси айдоочулары бет капсыз, уруксат кагазы жана патенти жок, адамдардын санына карабай иштеп жүрүшөт. Мындан тышкары чач тарач, сулуулук салонунда иштегендер да бет капсыз иштеп жатышат", - деди комендант.