Бишкектеги №3 шаардык гинекологиялык оорукана жабылдыбы? Министрликтин жообу

Социалдык тармактарда "Бишкектеги №3 гинекологиялык оорукана жабылыптыр" деген маалымат тараган. Анда айрым колдонуучулар кош бойлуу айымдар кабыл алынбай жатканын жазып чыгышты.

Биз бул маалыматты тактоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда оорукана иштеп жатканын, болгону төрөт бөлүмүнө келген айымдар башка ооруканаларга жөнөтүлүп жатканын кабарлашты.

Учурда №3 гинекологиялык оорукана штаттык режимде иштеп жатат деген министрликтин маалымат кызматынан "төрөт бөлүмү эмне себептен жабылып жатат?" деген сурообузга "ушундай чечим кабыл алынды" деп жооп беришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2020-06-25 21:59:15
Жаба бергиле баарын элдер оруубай торобой турушсун.Апендинин эле иши болуп атат
+1
Mintip-menu-suybo
2020-06-25 22:51:10
Коронавируска шылтоолоп, башка оорулуулар каралбай калды го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан