Америкалык журналист түз эфирге шымы жок чыгып, талкууга калды

ABC News каналынын журналисти Уилл Рив «Good Morning America» берүүсүнө түз эфирге шымы жок чыгып, талкууга калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Уилл Рив түз эфирде дары-дармектерди кардарларына жеткирип берүү үчүн дарыканалар дрон колдонуп жаткандыгы тууралуу айтып берген. Коронавируска байланыштуу үйүндө иштеп жаткан журналист үстүнө талаптагыдай рубашка, костюм кийгени менен ылдый жагын көрүнбөйт деген ойдо шымы жок эфирге чыккан. Аны көрүүчүлөр дароо байкап, "камераңды оңдоп алсаң болмок", "бутуңду жаап албайсыңбы?" деп сындап, журналисттин Твиттердеги баракчасында катуу талкуу кылышкан. Өз дарегине айтылган сындарга Рив кыскача гана "эфирден кийин машыгайын деп жаткам, ошондуктан убакытты үнөмдөгөм" деп жооп узаткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kattaldym
2020-04-29 21:48:04
Рубашка, костюм дегилечи...
+3
Zake007
2020-04-29 23:04:02
Анан кичине бери отурбайыт белен алчайбай шерменде
-2
Kattaldym
2020-04-29 23:42:42
Zake007,азыр баарыбыз эле ушундай да, төшөккө жатып алып сабак окуп атабыз даже)
+3
Saidochka
2020-04-30 00:19:49
Kattaldym,Сабак өтүп да жатабыз :)
-1
Krai
2020-04-30 00:07:35
Буттан жыгылган турат ооздон жаңылган турбайт деп коюшчу эле илгери
А бирок биздикилер ооздон жаңылып деле жыгылышпады го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан