Орусияда медициналык товар сакталган кампаны тоноп, 60 миллион рублдук товарды чыгарып кетишкен

Орусиянын Одинцово шаарындагы медициналык каражаттар сакталган кампага куралчан адамдар кирип, 60 миллион рублдук товарды алып чыгып кетишкен. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 28-апрель күнү 15 чакты бейтааныш адамдардан турган топ кампага кирип, куралы менен ал жактагы менеджерди жана эки кызматкерди коркутуп, скотч менен байлап салышкан. Сыртта даяр турган унаага электрондук дене табын текшерүүчү градусник жана медициналык бет кап салынган 60 миллион рубль суммадагы 600 кутуну, уюлдук телефондорду жана 210 миң рублду акчалай алып чыгып кетишкен.

Учурда полиция кызматкерлери кылмыш ишин ачып, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан