Өзбекстанда COVID-19 пандемиясы менен катталгандардын саны 4901ге жетти

Коңшу Өзбекстанда коронавирус илдети менен катталган жарандардын саны 4 миң 901ге жетти. Маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин картасына жарыяланды.

Ал эми чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, бүгүн, 13-июнга карата коңшу өлкөдө дагы 82 адамдан жугуштуу вирус катталган. Муну менен жалпы катталгандардын саны 4 миң 901ге жетти. Алардын ичинен 19 адам каза болсо, 3 миң 758 бейтап сакайып чыккан.

Өзбекстанда коронавирус алгач 15-мартта катталган. Ал эми аталган өлкөдө карантин 15-июнга чейин узартылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан