Өткөн суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 6 миң 892 медицина кызматкери COVID-19 диагнозу аныкталды. Үй карантинден – 2 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 6 миң 816 медициналык кызматкер айыкты.