Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Соль-Илецктен келгендерди уруп-сабады деген кептер туура эмес"

Бүгүн, 20-майда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аймактагы абал тууралуу маалымат берди. Анда Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын ичинен 51 киши Талас облусуна кайтышкан. Алардын нааразычылыгы тууралуу ыйгарым укуктуу өкүл буларга токтолду.

"Облустук штабдын алгоритмине ылайык, чет өлкөдөн келгендерди обсервацияга алышыбыз керек. Биз Соль-Илецктен келгендерди Талды-Булак айылынан тосуп алып, обсервацияга жайгаштырдык. Облуста лаборатория иштеп жатат. 5 күндөн кийин алардан тест алынат. Дарыгерлердин сунушу менен жана коопсуздук үчүн обсервацияга жайгаштырдык", - деди Мураталиев.

Ал эми обсервацияга жайгаштырууга каршы болгондорду уруп-сабады деген кептер туура эместигин кошумчалады.

"Уруп-сабоо болгон жок. 51 кишиден тышкары аларды облуска алып келген айдоочулар дагы обсервацияга алынды. Арасында 4-5 жаран каршы болгондуктан, аларды милиция кызматкерлери обсервациялык жайга киргизишти", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek11
2020-05-20 15:01:44
Аларды уруп сабасанар деле боло берет. Мен рахмат айтмакмын уруп сабаганынар учун.
+1
meku89
2020-05-20 18:25:22
Элестет эми уруп сабап жаткандарын. Менимче чындыкка дал келбейт го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан