Бүгүн, 16-апрель саат 11:00гө карата Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 349га жетти. Муну менен аталган өлкө ооругандардын санынын көптүгү боюнча Казакстандан ашты.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, оорулуулардын ичинен 107 бейтап илдеттен арылса, 4 жаран каза болду.
Буга чейин Ташкент шаарында коронавирус менен ооруган аял өзүн жаман сезип, ооруканага бешинчи жолу келгенде гана жаткырылганы маалымдалган.