"1-майдан тарта көчөгө чыккандар кескин көбөйүп кетти. Мындай көрүнүш коронавирусту жуктуруп алууну, жайылтууну күчөтөт", - дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
"Айрым ишкана, мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилгенден кийин көчөгө чыккандар көбөйүп кетти. Бул коронавирустун жайылуу мөөнөтүн узартып, илдетти жуктуруп алууну күчөтөт. Андыктан жарандарга эскертүү менен бирге коюлган талаптарды, дистанциялык аралыкты сактоого чакырып, өзүн изоляцияга алууну токтотпоосун суранабыз. Оорулуулар менен байланышта болуу коркунучтуу", - деди ал.