Кыргыз өлкөсүнө Польша жана Кытайдан медицина адистери келишет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 19-20-апрелде Кыргыз өлкөсүнө Польша Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан медицина адистеринин тобу келиши күтүлүүдө.
"Чет элдик адистер биздин медицина кызматкерлерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүшөт. Польша жана кытай дарыгерлери Кыргыз мамлекетиндеги кесиптештери менен бул багытта маалымат жана тажрыйба алмашышат", - деп айтылат маалыматта.