Адамзат бир канча жыл коронавирус пандемиясы менен күрөшөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан айтканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө адамдар COVID-19 менен ооруп жатат. Бардык жерде эпидемиянын таралуусуна жол бербөө мүмкүн болбой турат. Керектүү вакцина жетишсиз болууда.
"COVID-19 менен күрөшүүдөгү прогресске карабай көптөгөн факторлор калууда. Вирус менен күрөшүү оңой-олтоң иш эмес",- деп брифингде билдирген Майкл Райан.
Мындан сырткары эксперт коронавирус менен күрөшүү иштери натыйжа берип, адамдардын өлүмүн азайтып, оорулуулардын саны кыскарып жатканын кошумчалаган.