"Коронавирус туу чокусуна жеткен жок, биз ооругандардын санын жогорку ченге жеткирбей кармап калдык" дейт министрликтин өкүлү

Өлкөдө коронавирус инфекциясы туу чокуга жеткен жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатканда билдирди.

"Жалпылап айтканда, коронавирус инфекциясы өтө кооптонууну деле жараткан жок. Анткени бизде ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө жеткен жок. Биз ооругандардын санын жогорку ченге жеткирбей кармап калдык. Эпидемиологиялык сызыктардагы сандарга ылайык, орто деңгээлде кармалып турат. Биз мындан ары ушул деңгээлди кармап турсак, ооругандардын саны азаят деген божомолубуз бар", - деди министрдин орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Chungyz
2020-05-05 11:09:39
Карона вирус туу чокусуна Жетти жетейн деди жетип калды ашып оттук жетпей калды кармап калдык башты айландырып буттунор
+7
Alimbek1000
2020-05-05 11:39:33
Биздикилер убагында тиешелүү чараларды көрүштү анысына алкыш айтышыбыз керек. Алыс барбайлы Өзбекстан менен Казакстанды көрүп атабыз го
+7
Zamirbekkg
2020-05-05 14:47:45
Alimbek1000,озбекстан менен казакстандын элинин саны коп ошол учун алар менен салыштырбаш керек озубузду
+5
Erik2018
2020-05-05 11:50:05
өкмөт алдын алып жакшы эле аракет кылды тажиктер менимче кечигип чара көрүп калды
+9
Bars88
2020-05-05 12:02:36
Бул ооруну дагы бизнес кылып алыштыго.Бишкекке киргизбей атыптырго тест тапшырсан отосун деп 2500 дон ушу кабар чын бекен
+2
Tolik777
2020-05-06 10:44:11
Bars88,калп
0
kriss120
2020-05-05 12:39:00
Башты бадыран кылдынарго ар кимин чыгып ар нерсини айтып.Жок нерсеге ишендирип элди кыйнадынар
+2
Aktan2018
2020-05-05 12:53:02
Ыссык-Кол облусун эмнеге жаап салдынар.
+4
jigit.paren
2020-05-05 13:11:46
Aktan2018, Ысык-Көлдөгү ооругандар толугу менен айыгып кетишти, азыр кудайга шүгүр облуста ооругандар жок ошого байланыштуу кайра дагы ооругандар чыкпасын деп жаап салышты, бул эң туура чечим. Сабыр кылып тура туралы бул ооруну да жеңебиз.
+8
Aktan2018
2020-05-05 13:29:00
jigit.paren,мени чыгарып ийсе Бишкекте жумушта жата берет элем.жаш бала болбосон уйдо жатканынды элестетип корчу.
+1
kamchatka
2020-05-05 13:11:06
Бизде медицина аябай онукон ошон учун кармап калдык деп койгула эми ошончо болуп калды
+6
uli0404
2020-05-05 13:26:29
Жок эле нерсенин каеринен кармап калдыңар.жок нерсенин кандай туу чокусу болмок эле.элди оюнчук кылып каалагандай калчап кыйнадыңарго каоапайым эледи
+4
Tolik777
2020-05-06 10:45:09
Негизи Соке кыйын экен. Карантинди бекем кармап койду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан