Бүгүн, 27-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 126 миллион 26 миң 603 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 71 миллион 409 миң 593 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 766 миң 824 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 155 миң 46 болду. Тилекке каршы, 548 миң 67 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 404 миң 414 адамдан аныкталды. 307 миң 112 адам каза болсо, 10 миллион 884 миң 822 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 846 миң 652 адам вируска кабылган. 160 миң 949 бейтап көз жумса, 11 миллион 264 миң 637 бейтап оорудан сакайды.