Бүгүн, 27-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Урматтуу шаар тургундары! Бүгүнкү күндү жакшы кабар менен баштагым келип турат. Анткени дарыгерлердин айтымында, өлкөбүздө коронавирус менен ооругандарга караганда сакайгандардын саны бир топ өсө баштады. Мындан улам баарыбыздын анын ичинде дарыгерлердин, милиция жана социалдык кызматкерлердин бул коркунучтуу дартка каршы бекем туруп, жасаган иш-аракеттерибиз текке кеткен жок деп эсептейм. Ошондуктан күн өткөн сайын ынтымактуу болуп, жаңы күч жана дем менен баарыбыз биргеликте санитардык нормаларды сактап, жашаган жерибизди күнүгө желдетип, тазалап турсак, жеңиш биз тарапта болот", - деди комендант.